www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан алтын казууда дүйнөдө алдыңкы орунга жетти...Кыргызстанчы?

Кызгалдак Жакыпова 20-август 2019, 14:32

Дүйнө жүзүндө Экономика


Өзбекстан алтын казууда дүйнөдө алдыңкы орунга жетти...Кыргызстанчы?

2019-жылдын январдан июль айына чейин Өзбекстан башка мамлекеттерге караганда 3,4 млрд.долларлык алтын сатты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) билдирди.

Акыркы 5 жылда Өзбекстан бир нече жолу алдыга чыккан. Мисалы, 2015-жылы 823,9 миллион доллар, 2016-жылы 738,2 миллион доллар, 2017-жылы,1,6 миллиард доллар чапчыган алтын казып алышкан. Ал эми июнь айында эле алтын үчүн 1 унция 1 миң 397,7 долларга бааланган.

Эске сала кетсек, Өзбекстан ар жылы 70-80 тонна алтын сатат. Алсак, 2016-жылы 70 тонна, 2017-жылы 80 тонна, 2018 жылы дагы 70 тонна экспорт кылынча, бул жылы 80 тонна сатуу пландалып жатат.

Кыргызстанда "алтын көп" деп мактанганыбыз менен айкырып-кыйкырып жатып, канча алтын сатылганы бүдөмүк боюнча калтыруудабыз. Алсак “Кумтөрдөн” чыккан алтын менен “Бозумчактан” канча алтын чыгып, кайсы жака кетип жатканы белгисиз...

Кубанычбек Исабековдун, "Кумтөрдөгү "алтын" мафия" китебине таяна турган болсок, 1993-жылы Өкмөттүн токтому менен канадалыктарга 10 миң 70 гектар жер ижарага берилген. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн тийиштүү мекеме уюмдары жердин чек арасын так аныктап беришкен эмес. Ушундан улам, акыркы жылдарга чейин тигил жактан 20 гектар, бул жагынан 40 гектарды ээлеп, улам жылып, аянтын кеңейте беришкен. 

Алсак, "Кумтөр" 1978-жылы ачылган. Такталып бекитилген запасы 716 тонна алтын, 388 тонна күмүш, 1 500 тонна вольфрам. 

Учурда "Кумтөрдөн" Кыргызстанга белек катары, тоодой таштандылар калууда. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83