www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: “Сүйлөшкөн кызым денесин саткан сойку экен”

Кызгалдак Жакыпова 21-август 2019, 15:42

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: “Сүйлөшкөн кызым денесин саткан сойку экен”

Бүгүнкү каарманыбыз сойку кыздын айынан өзүнүн айылына бара албай калганына өкүнүп, өзүнүн башынан өткөн окуя тууралуу эч тартынбастан  төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.

-Мынчалык уят болом деп ойлогон эмесмин. Болгондо да досторумдун алдында… Нуржан менен бир жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, акыры өзүмдү ансыз жашай албагандай сезе баштадым.  Чындыгында ал мага мурда эле кыз эмес экенин айтса да болбой артынан чуркаган элем. Акыры анын жүрөгүн багындырганыма сүйүнүп жүрө бериптирмин. Көрсө, ал менин акчама эле кызыкчу экен. Бир күнү аны досторум менен тааныштырганы кафеге алып бардым. Кызыктын баары ошол жерден башталды. Досторумдун баары өздөрүнүн тааныш кыздары менен ээрчишип келгенде эле Нуржан өзүн эмнегедир көпчүлүктүн алдында ыӊгайсыз сезе баштады. Анысын байкап калган бир досум мага карап:

-Доске, аяш бизден тартынып жатат окшойт. Эртерээк биз менен тааныштырбайсыӊбы?-деди менден чыдамсыздык менен жооп күтүп. Ошол замат Нуржанды досторума жакшылап тааныштырдым. Тааныштырганым курусун… Биздин чакан кечебиз ортолоп калган учурда баягы досум оозун тыя албай:

-Биз бул аяшты мурда эле таанычубуз. Башкалар аз келгенсип, эми сени да бизге “бажа” кылат турбайбы,ээ?-дегенде эле анын жанында отурган эки досум мени мазактагандай түр көрсөтүп каткырып жиберишти. Алар менен кошо келген кыздардын алдында шылдыӊ болуп жатканыма чыдай албай:

-Нуржан, тиги досумдун айтканы чынбы?! - дедим кыжырым кайнап. Ал менин сөзүмө жооп бербестен ордунан шарт туруп сыртты көздөй жөнөдү. Артынан чуркап барып колунан силкип кармасам, ары-бери өткөн элди көзгө илбей мени оозго алгыс сөздөр менен орусча ашатып туруп, жолдо өтүп бараткан таксини токтотуп кетип калды. Мен андан мындай мамилени күтпөгөндүктөн  нес болгон адамдай турган ордумда катып калдым. Качан гана досторум келгенде бир аз өзүмө келдим. Алардын алдап-соолаганына карабай бирөөсүнүн колуна кафеге төлөнчү акчаны карматкандан кийин жашаган батириме жөнөдүм. Тагдырдын мындай соккусуна туруштук бере албай бир жума күчүмдү ичкиликтен чыгардым. Ошондо Нуржандан мындай СМС - билдирүү келди:

“Анарбек, мени кечирип кой. Мен сага теӊ эмесмин. Биз турмуш курганда деле баарыбир бактылуу болмок эмеспиз. Учурунда сага сойку экенимди айта алган эмесмин. Кыскасы, бактылуу бол!” Бул сөздөрдү окугандан кийин аны канчалык жек көрүп турсам да, буга чейинки экөөбүз жетелешип жүргөн бактылуу көз ирмемдер эске түшкөндө ага жооп жаздым. Бирок ал мени менен эч байланышпады. Телефонунун да номерин алмаштырып салыптыр. Аны унута албай эки ай кыйналдым. Ушунун баарына досторумду күнөөлөгөндүктөн алардан да кол үздүм. Айылга барсам мен тууралуу айыӊ кептер жүрүп жаткан экен. Ал тууралуу кабардар болгон атам:

-Элдин баарына уят кылдыӊ. Мен сенден көп нерсени үмүт кылчу элем. Сойкудан башка ылайыктуу кыз табылбай калдыбы? Сага корогон кайран сөз… Эми балам жаман болсоӊ да аман бол, - деп мага нааразы болуп тескери басып кетти. Канчалык ал кишиге  актанайын деп аракет кылсам да эч окшошпой койду.

Ошентип, эртеси таӊ атпай шаарды көздөй сапар алдым. Айылга болсо көптөн бери барбай калдым. Учурда бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Ал мени ата-энеси менен тааныштырган. А, мен атама бул тууралуу айта элекмин. Бул жашоодо өзүӊдүн айылыӊа элден тартынып  бара албай калгандан өткөн кордук жок экен. “Туулган жердин топурагы алтын” деп бекеринен айтылбаса керек. Атамды келиндүү кылып, айылдаштарымдын батасын алган күн да келээр. Күтө туралычы…

Нуркемел  ИСАЕВ 

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83