www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Койчубаковдун досу 3000 доллар пара менен кармалды. Өзү болсо суралып…

Кызгалдак Жакыпова 21-август 2019, 18:17

Кылмыш жана кырсык Саясат


Койчубаковдун досу 3000 доллар пара менен кармалды. Өзү болсо суралып…

Бишкек мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковдун жан досу Ашырматов Кубанычбек 31-июль  күнү 3000 доллар пара менен кармалды.

Ал Койчубаковдун көрсөтмөсү жана тапшырмасы менен “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынан 7000 доллар пара талап кылгандыгы айтылууда. Себеби, аталган компания жакында эле Бишкектин Көлмө жаӊы конушунан Асанбай кичи районуна чейин жүрө турган №5-каттамга Кытайдан алынып келген жаӊы 18 автобусту ишке берген. Койчубаков болсо  автобустар так ишке берилген күнү аталган компания менен эчак эле түзүлгөн келишимди бузуп, №5 - каттамдагы автобустарды иштеп жаткан жеринен токтотуп, ар кандай тосколдуктарды жаратканы маалым.

Ал ар бир автобус үчүн айына 1500 сом төгүп турууну, бул  төлөм шаар ичиндеги аялдамаларды колдонуп жатканы үчүн алынарын  айткан. Буга чейин эч бир жерде мындай мыйзам жок эле.  Ал эми Койчубаков үчүн пара алам деп камалган  Ашырматов Кубанычбек эч жерде иштебейт. Болгону Койчубаковдун жан досу, ал анын ушундай “терс” иштерин сонун аткарууга аракет кылып келаткан неме экен.  УКМК Ашырматовду эки айга камакка алды. Ал эми атка минер Койчубаковду да суракка алышкан. Койчубаков сурак учурунда шүмүрөйүп, кызматтан кете турганын,  жаман оору менен ооруп жүргөнүн айтып, сыздап ийиптир. Деги эле чоӊдор минтип көчүктөрү кылтая, беттери былтая  түшкөндө заматта оорукчан болуп чыга келишет. А, эмне үчүн элди эзип, мыйзамсыз акча алып, кутуруп жатканда арстандай айкырып турушат?

Азыр бул иш боюнча тергөө башталганы айтылууда.  Култуӊдаган Койчубаков болсо, жоопко тартылбай да, кызматын сактап калуунун да амалын көрүп, жандалбастап жүрөт дешет. Билгендердин айтымына караганда ал ошондон бери ишке чыга элек экен.  Айта кетсек, Койчубаков мэр Суракматовдун эӊ жакын досу. Мэр  эми өзүнүн “капчык” досун кантип кызматтан кетирерин билбей башы катып, бул  катаал чечимди кабыл ала албай жатыптыр, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83