www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкуловдун абалы оор

Кызгалдак Жакыпова 22-август 2019, 11:21

Ден-соолук


Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкуловдун абалы оор

Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо дарыланып жаткан Чүй ОИИББдин мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда.

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Эске сала кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башынан оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Маалыматта Курманкуловду саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп барганы айтылат. "Самат Курманкуловго кошумча изилдөөлөр жана анализдер жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы менен дарылануусу улантылат. Бүгүнкү күнү анын абалы оор бойдон калууда. Тез арада айыгып кетишине үмүт артабыз", - деген Каратаев. Мындан сырткары, маалыматта Курманкуловдун дарылануусун мамлекет толугу менен каржылай турганы белгиленген, деп "КабарИнфо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83