www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевди ким ууланткан?

Кызгалдак Жакыпова 30-август 2019, 15:01

Коом


Атамбаевди ким ууланткан?

Атамбаевдин иши таң калычтуу, 2007-жылы апрелде Бакиевдин өкмөт башчысы болот. Эмнегедир өкмөт башчысы болор менен аны уулантып салган тууралуу жарыя кылат. Ким ууланты? Бул тууралуу уккандар күлүп гана тим болушкан, бүгүн да аны уулантты дешип уулдары айтып жатат. Баякы кайра кайталана баштады деп көпчүлүк ишгенген деле жок. 2009-жылы ал президенттикке талапкер болот, анын капчыгын карап БЭК туура көрөт. Анын уулдары бүгүн маалымат “королдоруна” айланышты, арийне бир үйдө жатышкан балдары анын  «алкошар» экенин ачык эле жазып жатышат. Алкоголдуу интоксикация – бул да дарт. Арактан ууланып калса болот. Анын балдары жазып жатышат, анын атасын эл "алкаш” дешет деп.

Чындыгы Атамбаевди ар ким ар кандай айтышат, Борис Ельцин деле аракты ичип жүргөнүн эл билет. Аны орустар колдоп жүрүштү. Атамбаев аны туурагысы келдиби, арийне кыргыздар менталитети боюнча арак ичкен президентти колдошпойт.

Анын улуу уулу Сейитбек Атамбаев кичүү балдарынын катарынан чыкпай атасын сүрөй баштады. Бирок кызыгы ал кайынатасынын үйүнө ката тур деген акчалардын чети чыгып калды. Ал 2019-жылдын 8 -августтунда кайынатасына барып акчаларды ката тур деген. “Күйөө баланы кудай сыйлаган” , Мухаммед алейхи салам да күйөө баласы Алини сыйлагандан улам болсо керек. Сейитбек мырза 170 миң  сомду кимден алганын телефон номеринен өйдө жаздырып кайынатасыныкына каттырат. Ошол эле жерде 2 миллион 225 миң сомдук жана АКШнын 318 миң  доллардык акчасынын дайыны жазылып турган.

Коопсуздук органдарынын иликтөөсү боюнча бул акчалар Кыргызстанда чаң тополоң уюштуруу үчүн жумшалмак. Раиса Атамбаеванын баласынан айырмаланып, Теңизбаеваден төрөлгөн  Сейитбекке октябрда 41 жаш болот,ошондуктан ал элди чаң тополонго чакыргандан мурун, Кыргызстанды жаман нерселерден сактоо үчүн жашы деле жетип калды.

УКМКнын жетекчиси Атамбаевди коркок деп атаган соң, ал айтып жатат: “Атамбаевде деле аны коргоп калар балдары, неберелери бар” - деп. Атасын бардык адам коргошу керек, бул мыйзам, Атамбаев да өз сөзүнөн жаңылып Кыргызстанга жаңы лексикондорду кийирген. Ал бүтүндөй парламентти “чимкирик” атаган, киши жегичтер, киши өлтүргүчтөр, “тряпкалар”, уруулар, түкүрүктөр деп азыркы бийликке көө жапкан. Чындап келгенде ушундай сөз мурунку президентке жарашмак эмес.

Коркоктук жөнүндо сөздү айтсак, Атамбаев  өзүнүн айткан сөзүнө өзү жооп бере албай жүрдү, ошондуктан көрүнгөн сөздөрдү айтып келжиреди, элди чогултуп чаң тополоң уюштургусу келди. Андан көрө алты жыл көтөрө албаган Кыргызстандын эртеңки күнүн ойлосо болмок.

Кой-Ташта эмне болгонун эл билет ,Сейитбек деген баласы жазып жатат: «У нас что 1937 год?! Почему произвол стал таким тотальным? Почему беспредел стал беспредельных масштабов?» -деп. Арийне, 37-жылды эл Атамбаевдин президенттииги убагында көрүштү. Коопсуздук күчтөр жагынан “Беспределди” көрүштү.

Сейитбек мырза Кадыр инисине окшоп Атамбаевди “алкаш” деп атаган жок, бирок “атамдын бала кыялы болгон” деп мойнуна алып жатат. Бул азыркы эл ойлоп жаткан психикалык жактан Атамбаев туура иш жүргүзгөнбү деген күмөндүн майына от жагып жатат. Сейитбек мырзанын айтканына караганда Атамбаевдин “балалык оорусу” болгон, балдарды жаш экен деп кечирсе болот, ал эми мамлекет башчысы Атамбаев “бала кыялына” таянып элди кыйнаганын ким кечире алат?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83