www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат

Кызгалдак Жакыпова 22-август 2019, 16:36

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Эми соттук процесстердин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскө  болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Ал ар бир жаран үчүн тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болорун жана маалыматтын баары ушул реестрде катталарын кошумчалады.

«Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт. Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз. Анча оор эмес мыйзам бузуулар  кылмыштардын катарынан чыгарылып, мыйзамдарды гуманизациялоонун алкагында жорук катары бааланат. Жорук жасагандар эркиндигинен ажыратылбайт, андайлар үчүн айып пул, коомдук иштер каралган. Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүмдөр, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн терс таасирине кабылбайт. 

Соттук-укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилегим келет.  Анткени реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эӊсеген күчтөр аз эмес. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбастан, алга кадамдашыбыз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83