www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков: Алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болот

Кызгалдак Жакыпова 22-август 2019, 17:34

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков: Алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы жолдордун реконструкциясы жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Нарын-Баетов, Куртка-Соң-Көл, Акталчат-Казарман айылдарындагы жолдорго, Кулубай жана Султаналиев көчөлөрүнө асфальт төшөө боюнча маалымат берди.

Жалпысынан Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлөт. Жумуштарды 2019-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жанат Бейшенов буга чейин Президенттин айткан сунушуна ылайык, өлкөнүн ар бир районунда 3 чакырым жолду реконструкция кылуу боюнча жумуштар жыл сайын жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Андан соң мамлекет башчысы Баетов айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Президентке маалымдашкандай, Баетов айылындагы жалпы билим берүүчү мекеме эки кабаттан турат жана 275 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаж иштери 70 пайызга бүткөрүлдү. Курулушту толугу менен бүтүрүүгө кошумча 14 млн. сом керектелүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жашоо шарты оор алыскы райондордо социалдык, билим берүүчү объектилерди, жол-транспорт түйүндөрүн куруу артыкчылыктуу багыттар болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багытта жумуштар бир жыл менен чектелбей, ар дайым өлкөнүн көңүлүнүн борборунда болорун баса белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83