www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт"

Кызгалдак Жакыпова 22-август 2019, 17:33

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт"

 «Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.

«Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

«Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлүп жатканын баса белгилеп, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

«Жалпы коомубузду санарипке өткөрүү — бүгүнкү күндүн талабы. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал товарларды маркирлөө аркылуу контрафакт продукциянын киришин токтотуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен көмүскө экономиканы кыскартуу, бюджетке кирешелерди жогорулатуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Бул инструменттерди колдонуу аркылуу коррупциялык элементтер жана бюрократия жоюлат.

«Ушул сыяктуу чаралар менен коррупцияны жеңе алабыз. Коррупцияга каршы күрөш азыр күч менен, көзөмөл менен гана жылып жатат. Жакшы ийгиликтер бул күрөштү жалпы эл, сиздер колдогондо гана болот. Ошол максат менен коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83