www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боронбаева медициналык камсыздандыруу фондунун түбүнө жетеби?

Кызгалдак Жакыпова 23-август 2019, 09:18

Саясат Ден-соолук


Боронбаева медициналык камсыздандыруу фондунун түбүнө жетеби?

Өкмөттүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаеванын дарегине сын-пикир тынымсыз айтылып келсе дагы «былк» этпей ишин улантууда.

Тээ мурунтадан эле бул тармакта коррупция тереңдеп, а түгүл тамырлап кеткени кеңири айтылып да, жазылып да келет. Өлкөгө кирген дары-дармекти көзөмөлгө алган бул тармактын коррупциясын Боронбаева өтө тереңдетип, каймана какшык менен айтканда коррупция деген неменин тамырын кырккандын ордуна, «витамин» берип «гүлдөтүп» жибергенин айтышууда. Бул боюнча өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Элнура Боронбаева менен байланышканча, министрлер менен байланышуу оңоюраак экен. Элнура айым, сизге бере турган суроолорубуз арбын. Бир сөз менен айтканда Медициналык камсыздандыруу фондунун түбүнө жеткени калыптырсыз? Телефондон болсо да байланышып жооп берип койбойсузбу? Жообуңуз бардыр, - дейт "Де-Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83