www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлектин Көк-Таш айылынын тургундары көпүрө жоктугунан куурадык дешүүдө. Көпүрө курулары же курулбашы белгисиз

Кызгалдак Жакыпова 26-август 2019, 09:10

Турмуш Коом


Лейлектин Көк-Таш айылынын тургундары көпүрө жоктугунан куурадык дешүүдө. Көпүрө курулары же курулбашы белгисиз

Бул айылдын көпчүлүк тургундарынын үлүшкө берилген жери дарыянын аркы өйүзүндө. Үлүштүк жерине эгилген эгиндерине, чөбүн чаап алуу барып келүүдө айыл тургундары Ак-Суу дарыясынан өтүшү керек. Тилекке каршы, 28 жылдан бери бул дарыяда көпүрө жок.

Бизге Лейлек районунун Самбула айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылынын Үч-Дөбө участкасынын Сабыржан Усаров аттуу тургуну кайрылып, эгер көпүрө маселеси чечилбесе бул жерлер Тажикстанга өтүп кетүү да коркунучу бар деп билдирди:

- Дарыянын аркы өйүзүндө биздин айылдын бир жарым миң гектар кайрак жерибиз бар. Ал жерге эгин эгебиз, чөп чабабыз, жайыт катары пайдаланабыз. Көпүрө жоктугунан улам барып-келишибиз кыйын болууда. Кээде кечүүдөн өткөрүп жатканда эгин, чөп, малдарыбыз сууга агып кеткен да учурлар болот. Мурда союз маалында көпүрө болгон, бирок 28 жыл мурун аны суу алып кеткен.

Бул маселе боюнча райондук, облустук жетекчилерге кайрыла берип тилибиз тешилди. Ал жактагылар каражат жок деп эле кол куушуруп отурушат. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевге да кайрылганбыз, ал чечип берем деген, бирок 4 жылдан бери жыйынтык жок.

Коркунучтуусу, бул жерге коңшу тажиктер да малдарын жайышат, бир күнү талашып чыкса кантебиз?...

Анан айылдагы жигиттер биригип, көпүрөнүн сметасын түзүп чыкканбыз, көпүрө салуу үчүн жалпысы сегиз жарым миллион сомго жакын акча керек экен. Бирок, бул акча жок болууда. Бийлик ушул маселебизди чечип берсе, жакшы болот эле...

Андан соң биз Көк-Таш айылы караган Самбула айыл өкмөтүнүн башчысы Анаркул Атамкуловго байланышып, бул маселе боюнча жооп алдык:

- Бул көйгөй союз мезгилинен бери келе жатат, ошондо деле чечилген эмес. Ал дарыяга көпүрө курууга өтө көп суммадагы каражат керектелет, бизде болсо ал каражатты табууга мүмкүнчүлүк жок. Райондук бийликке кайрылганбыз, бирок, райондук бюджетте деле каражат жок. Ошондуктан, көпүрө курулушу же курулса деле качан курулары белгисиз.

Ал эми, чек ара маселеси боюнча, ал жерлер Тажикстан менен чектешет, чек ара тилкеси такталып бүткөн, бирок тосулган эмес. Биздин да, Тажикстандын да чек арачылары кайтарат, чек ара заставасы бар.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83