www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самаркан менен Бухарага тең  байыркы кыргыз шаарынын издери табылды

Перизат Кутманалиева 25-август 2019, 08:57

Коом


Самаркан менен Бухарага тең  байыркы кыргыз шаарынын издери табылды

 Орусиянын Илимдер академисынын Сибирдеги бөлүмүнүн, Новосибирск шаарындагы А.А. Трофимук атындагы нефти-газ геология, геодезиясы жана минералогиясы институтунун геофизиктери менен сүйлөшүп, Кочкор өрөөнүнүн Кум-Дөбө менен Ак Жар айылынын ортосундагы, Баласагын шаарын Х кылымдын башында каптаган топон суу-селден, топурак кум басып калган жана андан кийинки кургакчылыктан чөлгө айланган, Кочкор өрөөнүн каптаган кумунун астында калган, бышкан кызыл кирпичтен салынган “кызыл шаарды” атайын приборлордун аркасы менен аныктап берүүгө макул болушту. 22-август күнү Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн канторасынын түштүк тарабындагы, жер астындагы бышкан кызыл кирпичтен салынган курулушту, приборлор георадар жана магнитометр менен текшергенде бийиктиги 4 метр узундугу 7 метр болуп чыкты. Тегерегинде дагы бир топ үйлөр бар экендигин айтышты.

Андан кийин Көк Таш аянтындагы казылган изилденген курулуштун батыш жагында 500 метр жердеги, КМУнун археология жана этнология кафедрасынын окуутучусу,тарых илимдеринин кандидаты Ороз Солтобаев,студенттери менен казып, тапкан бышкан кызыл кирпичтен салынган тарыхый археологиялык имараттын үстүнөн магнитно-ресонанстык геосканер менен текшергенде,бул узундугу 11 метр, туурасы 4 метр болуп чыкты.Магнитометр менен текшергенде бул жерде удаалаш дагы бир топ үйлөр бар экендигин айтышты. Геофизик минтип “чокулап, секирип” текшерүү жакшы эместигин, аянтты 200х200 же 400х200метр төрт бүрчтукка бөлүп алып, шашпай текшерүү жакшы жыйынтык береерин айтты. Ошондуктан биз айтканга макул болуп, өзү каражат издеп таап, 2019 жылы октябрь айында жана 2020 жылдын май айында болгон приборлору менен келеерин айтты.Аянттарды текшерип, жер астындагы курулуштарды атайын картага түшүрүп береерин айтты.Биз тараптан үй менен жана транспорт менен камсыз кылуу, азык-түлүктөн камсыз кылуу жагы макулдашылды. Бул биз үчүн абдан чоң жетишкендик болду. Бизди ушул геофизиктер менен байланыштырган АУЦАнын окуутучусу, археолог неолит жана мезолит доорун изилдеген Аида Абдыкановага терең ыраазычылык билдирип жатышат.

Кыргыз элинин тарыхы жана тарыхый маданий ыйык мурастарына, кайдигер эмес жарандар салым кошот деп ишенип туралы. Самаркан жана Бухарага тең мындай бышкан кызыл кирпичтен салынган, Бүбү Мариам Саргалдакованын, Жайсаң Үмөт уулунун “Айкөл Манас” 4-китебинде толук мүнөздөлгөн “кызыл” шаарлар Борбордук Азияда жок экенин эскерте кетели.
Булак: К.Коңурбаев.-“ЫЙЫК МУРАС” коомунун төрагасы

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83