www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогулдун торгойлору

Кызгалдак Жакыпова 25-август 2019, 14:33

Маданият


  Токтогулдун торгойлору

Жогорудагы  рубриканын алдында Кыргызстандын ар бир аймагынан чыккан элибизге белгилүү айрым обончу-аткаруучу, ырчылар тууралуу кыскача маалыматтарды берип турмакчыбыз.

Анда, алгачкы кезек касиеттүү Кетмен-Төбө өрөөнүнөн чыккан таланттарда. 

Белгилүү обончу-аткаруучу Бек Борбиев Бек мырза ырчылык өнөрүн алгач аккордеон менен баштап, андан соӊ эстрада жанрына өткөн.

Бул ырчынын талантына тамшанбаска аргаӊ жок. Жылдызы жанып турган кезде өзүмчүлдүк сапаттан алыс болуп бир топ ырчылардын элге танылуусуна себепкер болду.

Белгилүү ырчы Асель Турдалиеванын аны өзүнүн продюсери катары көргөнү эле кандай гана сыймык демекчимин. Айтылуу обончунун айрым ырлары бүгүнкү күндө да хит ырлардын алдыӊкы сабында болгону эч талашсыз. Кыздарга ыр арнаган жагынан болсо алдына эч кимди салбайт... 

Арзуу ырлары менен таанылган Айбек Карымов 

Эстрада менен фольклорду жуурулуштуруп элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан керемет ырларды жараткан Айбек мырза да өзгөчө таланттын ээси. Адамгерчилик сапаты жогору бул ырчы тынымсыз эмгектенип жатып чоӊ ийгиликтерге жетти. Ыр менен гана чектелип калбастан кино тармагынан да күчүн сынап, акыры өзүнүн “Бейне” аттуу жеке студиясын ачты. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кеткендиктен эмгегинин үзүрүн көрүп жаткан учуру. 

Мактоого абдан татыктуу Майрамбек Осмонов 

Майрамбектикиндей талант чыгармачыл инсандардын арасында чанда гана кездешсе керек. Обондуу ырларды да мыкты жаратат. Ырларында шаӊдуу кайрыктар көп кездешкендиктен тез эле хитке айланат. Акындык жагы да өзгөчө экендигин баса белгилеп кетпесек болбос. Кыскасы, Майрамбек чыгармачылыктын чыйыр жолунда өзүнүн ордун тапкан өнөрпоздордун бири катары эсептелет. 

Сыйкырдуу кайрыктарга бай Сыймык Бейшекеев

Атына заты жарашып калыӊ журттун сыймыгына айланган бул каарманыбыз тууралуу да кеп козгобосок болбойт. Коӊур үнү менен комуздун коштоосунда сыздап обончу катары таанылган Сыймык мырза учурунда далай таланттарды элге таанытты. Обондору нукура элдик кайрыктарга жакын болгондуктан тез эле угармандардын жүрөгүнө жетет. Бул обончунун көрөӊгөсү күчтүүлүгүнөн кабар берип тургансыйт. Чыгармачылык менен гана алек болбостон  жеке ишкер катары да элге кызмат кылып келе жатат. 

Нурислам  КАБАКБЕКОВ 

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83