www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алданган эркек аялын сотко берди

Кызгалдак Жакыпова 26-август 2019, 16:18

Турмуш Дүйнө жүзүндө


Алданган эркек аялын сотко берди

Лондондун Жогорку соту алданып бирөөнүн баласын тарбиялап жүргөнүн билген күйөөнүн арызын карап, өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, баланын чыныгы атасы аялынын мурунку ойношу болуп чыккан. Алданган күйөө бул тууралуу бала 8ге чыкканда билип калган. Ал аялын сотко берип, анын баласын тарбиялоого бул жылдары короткон акчасын кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан сырткары, ал эркек моралдык зыянды да төлөп берүүсүн талап кылган.

Жыйынтыгында, судья убакыт келмейинче балага чыныгы атасы ким экендигин айтууга тыюу салган. Ошондой эле, судья бул окуяда катышкан каармандардын аты-жөндөрүн маалымат каражаттарына чыгуусуна да тыюу салды. Ал эми алданган күйөөгө аялы канча акча төлөп бере турганы тууралуу маалымат белгисиз.

23-августта да, Сингапурда миллионер мурунку ойношун сотко берип, 2 миллион сингапур долларын талап кылганы маалым болгон. Миллионер ойношуна карызга акча берип, кайтара албай жатканын айтса, мурунку ойношу ал акчаны белек катары берген деп төлөп берүүдөн баш тартууда.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83