www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды

Айдар Нуралиев 26-август 2019, 19:26

Саясат


Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды

Бүгүн, ушул жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды.

Бул маалымат тууралуу КР тышкы иштер министирлиги билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.

Ушул жылдын октябрь айында Азербайжан Республикасында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 7-Саммитине, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарга тараптар өзгөчө көңүл бурду.

Жогоруда аталган иш-чаралардын уюштуруу жана мазмундуу бөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар  экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара  умтулуусун тастыктады. Бул контексттен алганда, кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргызстанда Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп менен парктын курулушунун деталдары талкууланды.

Маалымат катары: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – (ССТГ) –  мамлекеттер аралык уюм, анын, башкы максаты түрк тилдүү мамлекетердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат.  Кеңештин негиздөөчүлөрү жана азыркы мүчөлөрү  Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия болуп эсептелет. Азыркы учурда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде Кыргыз Республикасы төрагалык кылат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83