www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Маркум Дастан Жапаровдун жакындары коомчулукка Кайрылуу жасашты

Кызгалдак Жакыпова 26-август 2019, 19:27

Турмуш


ВИДЕО - Маркум Дастан Жапаровдун жакындары коомчулукка Кайрылуу жасашты

Садыр Жапаровдун уулу Дастан кырсыкка учураган видеосу NazarNews.kg маалымат агенттигине келип түштү. Маркум Дастан Жапаровдун жакындары айрым ММКларда туура эмес маалыматтар тарап жаткандыгын кабарлап, Кайрылуу жасашты. 

Урматтуу Кыргызстандыктар!  Чүй ГУВДсы катуу бара жатып токтоп турган унааны сүзүп алган деп калп маалымат таратып жатат. Мына бул видеобайкоодо даана көрүнүп турат. С.Э. аттуу айдоочу аялдамадан артка жылып, артындагы автоунааны өткөрүп, анын артында удаа эле келе жаткан мотоциклге капталын тосуп берип жатат. Ал жерден бурулууга мүмкүн эмес. Анткени ал жерде эки катар линия турат. Анысы аз келгенсип С.Э. автоунаасы менен Дастанды тебелеп өтүп, жолдун аркы өйүзүндө турган автоунааны сүзүп токтогон. Өзүңүздөр көрүп тургандай Дастан эч кандай катуу келе жаткан эмес. Ушундан улам Медет Садыркуловдукундай окуя кайталынып жаткан жокпу?-деген ой келип кетти. С.Э. болсо эч нерсе жоктой көрүнгөн, бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го деп ойлогом деп көрсөтмө берип жатат, деп жазылган Кайрылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору  Сабырбек Жумабековдун айтымында маркум Дастан Жапаров ооруканага өткөн бейшемби күнү түшкөн.

"Садыр Жапаровдун уулу бүгүн түш ченде үзүлдү. Бир нече күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө болчу. 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги сынып, терисин тешип, өз нугунан чыгып кеткен. Кан көп кетиптир. Ачык жаракат деп сыпатталды", — деген "Спутник" агенттигине.

ИИМдин берген маалыматына таянсак, жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык жол кырсыгы 22-август күнү кечки саат 22:45 чамаларында, Көк-Жар конушунда болгонун кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83