www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда абакта отурган мурдагы банкир каза болду

Кызгалдак Жакыпова 27-август 2019, 11:03

Борбордук Азия жаңылыктары


Тажикстанда абакта отурган мурдагы банкир каза болду

Душанбе шаарында тергөө абагында отурган "Тажпромбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Махмадулло Мирзоев каза болду. Бул тууралуу анын уулу Абубакр Мирзоев билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.

Махмадулло Мирзоев быйыл февралда алдамчылыкка айыпталып кармалган.

Маркумдун жакындары Мирзоев кант диабетинен жабыркап жүргөнүн билдиришкен.

Тажикстан Юстиция министрлиги анын өлүмү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

"Тажпромбанк" 2018-жылы февралда Тажикстан Улуттук банкынын лицензиясынан ажыратылган. Банк кардарларды тейлей албай, банкрот болгон. Жыл башында Тажикстан Эсеп палатасы каржы мекемеси 270 миллион сомони өлчөмүндө зыянга учураганын аныктаган.

Бул арада Душанбеде "Тажпромбанктын" мурдагы башчысы Жамшед Зияевдин соту уланууда. Ал 2019-жылы февралда 100 миллион сомони (10 миллион доллардан ашык) каражатты мүлк иретинде кайтарып бергени кабарланган.

Былтыр апрелдин аягында кармалган Жамшед Зиёев учурда Душанбедеги тергөө абагында камакта. Ага каршы ”Алдамчылык” жана ”Ишенип берилген акчаны коротуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83