www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Каза болгон спецназчы “Эрдик” медалы менен сыйланды

Кызгалдак Жакыпова 28-август 2019, 12:17

Турмуш Коом



АУДИО - Каза болгон спецназчы “Эрдик” медалы менен сыйланды

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында ок тийип каза болгон “Альфа” атайынын бөлүгүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбековго “Эрдик” медалы ыйгарылды.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта кол койгон жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбеков Үсөнбек Ниязбекович "Эрдик" медалы менен сыйланды.

Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип каза болгон.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83