www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Андрейдин аялы айламды кетирип..."

Кызгалдак Жакыпова 29-август 2019, 10:37

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Андрейдин аялы айламды кетирип..."

-Мындан 25 жыл мурда кырсыктап жалган жалаа менен 3 жылга соттолуп кеткен элем. Ал кезде жаштыктын доорун сүрүп кыздар менен жүргөнгө деле мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Төшөк оюну болсо эч оюма келбептир. Ал эми абакка алгач түшкөндө эле өзүмдөн 15 жаш улуу орус  киши менен тез эле тил табышып кеттим. Аты Андрей болчу. Анын колдоосу менен ал жактан көп деле кордук көргөн жокмун. Экөөбүз ынак болуп бири-бирибизден сыр жашырбай сүйлөшсөк да эмнегедир ал мага үй-бүлөсү тууралуу айтчу эмес. Ошентип мөөнөтүм аяктаган учурда Андрей мени менен жакшылап коштошкон соң колума кат карматып:

-Буюрса мен эки жылдан кийин абактан чыгам. Эми сенин мындан кийинки жашооң жакшы болушуна чын жүрөктөн тилектешмин. Жакшылыктан үмүтүңдү эч үзбө. Аманчылык болсо дагы жолугуп калгыбыз бардыр. Сенден өтүнөрүм, бул катты окуба. Аялыма алып барып берсең иштин жайын ошондо билесиң, - деп үйүнүн дарегин бергенден кийин үшкүрүнүп жанымдан узап кетти. 

Абактан чыккандан кийин  кайда барарымды билбей башында бир топко чейин кыйналдым. Шаардагы туугандарымдыкына баргандан эмнегедир тартынып жаттым. Кечке чейин башым оогон жакка басып жүрүп акыры тажап кеттим. Күн батып бара жаткан учурда бир сыйра ойлонгон соң Андрейдин үйүн издеп жөнөдүм. Айтылган даректи анча убара болбостон тез эле таптым. Короосуна кирип барып үйүнүн сырткы эшигин такылдатсам жашы кырктарга барып калган аял ачты. Аны көргөндө сүрдөп кетип эптеп учурашып колуна катты карматтым. Ал катты шашпай окуп чыккандан кийин эмнегедир мени сынагансып карап:

-Үйгө кир, - деп жылмайды.

Алгач ашканадан мага чай берип бир аз сүйлөшкөн соң төркү бөлмөсүнө киргизип телевизорун иштетип коюп тамак жасаганга киришти. А мен анын көйнөгүн тиреген келишимдүү көкүрөгүн эстеп алагды болуп телевизорду кыйратып деле көрө алган жокмун. Бир маалда тиги аял жаныма жакын басып келип: 

-Коля, тамак даяр болду. Жүрү ашканага, - дегенде таң калдым. 

Анткени өзүмдүн атым Кайрат болчу. Андрей дагы мени Коля деп айтчу. Балким ал жазган катында мени Коля деп атаса керек. Ошентип тиги аял экөөбүз шашпай тамактанып ортого коюлган эки бөтөлкө самогонду түгөнгүчө ичтик. Самогон күчтүү болгондуктан экөөбүз тең бир топ кызуу болуп калдык. 

-Сиздин жашыңыз канча? - дедим бир маалда ныксырап. 

-Быйыл элүүгө чыктым. Өзүмдүн курагымдан жаш көрүнгөнүмө таң калып жатсаң керек. А мен сени азыр төшөктөн ого бетер таң калтырам, - деп колумдан жетелеп өзү жаткан бөлмөгө ээрчитип барды.   Анан менден эч тартынбастан  жыпжылаңач болуп чечинди. Андан соң бекем кучактап оозумдан аймалап кирди. Экөөбүз жанталашып өбүшүп дивандын үстүнө куладык... Бир маалда ал чыдай албай кетип чачымды уйпалап, кулагымды тиштегиледи. Анан эмнегедир шолоктоп ыйлап жиберсе болобу. Көрсө, кумардын туу чокусуна чыгып жаткан экен... Эртеси түшкө чейин уктап жакшылап эс алгандан кийин айылыма кеттим. Учурда үй-бүлөлүү болуп эл катары өз тирилигимди өткөрүп жатам. Андрей менен кийинчерээк жолуга албадым. Ал эми анын аялынын мага тартуулаган ырахатын эмдигиче эч унута албай койдум. Эч...

А.ШАКИРОВ  

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83