www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рекорд коймокчу болгон жарышчы аял каза болду

Кызгалдак Жакыпова 29-август 2019, 12:16

Спорт Дүйнө жүзүндө


Рекорд коймокчу болгон жарышчы аял каза болду

Америкалык жарышчы Жесси Комбс жаңы рекорд жаратам деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 27-августта жарышчы айым реактивдүү автоунаа менен ылдамдыкта аялдар арасында жаңы рекордду багындырам деп жатып авариядан каза болгон. 36 жаштагы жарышчы буга чейин деле бир нече рекорд жараткан. 2013-жылы саатына 632 чакырымды багындырып, 48 жыл сакталып келген аялдар арасындагы рекордду жаңылаган. 2016-жылы болсо саатына 769 чакырымды багындырып жаңы рекорд койгон. Бул жолкусунда ал ылдамдыкты саатына 996 чакырымга көбөйтмөкчү болгон.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83