www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Кыргызстанга жүзүнөн тааный турган видеобайкагычтарды орнотот

Кызгалдак Жакыпова 29-август 2019, 12:32

Турмуш Коом


Кытай Кыргызстанга жүзүнөн тааный турган видеобайкагычтарды орнотот

Коомдук жана жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо максатында, кыргыз милициясы Кытайдын компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.  

Анда айтылгандай, келишимге ушул жылдын 4-мартында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ага ылайык, кызматташа турган Кытайдын «CEIEC» компаниясы, күнү-түнү байкоо салган видеобайкагычтар менен камсыздайт.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын  бюджетинен акча коробойт. Артыкчылыгы, орнотула турган видеобайкагычтар адам жүзүн таанууга жөндөмдүү экени айтылат. Эки тараптын макулдашуусуна ылайык, кытай компаниясына керектүү жабдыктарды өлкөгө жеткирүү менен бирге аны орнотуу, монтаждоо кызматтарын жөндөөдө кеңеш берүү жоопкерчиликтери артылган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83