www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад: Мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Кызгалдак Жакыпова 29-август 2019, 17:49

Коом Илим


Жалал-Абад: Мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Бүгүн, Жалал-Абад шаарында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аталышындагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Ага калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана 400дөн ашуун мектеп  мугалимдери катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга алгач 2018-2019-жылдагы шаардагы   мектеп турмушундагы жетишкендиктер  тууралуу видео слайд көрсөтүлдү. Аны менен катар шаардык  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев тарабынан жыл ичиндеги агартуу тармагында жасалган жалпы жумуштар боюнча доклад окулду.

Андан соң шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев жалпы мугалимдерди келе жаткан  жаңы окуу жылынын башталышы жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

-Биздин баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл-ой тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу.  Шаарыбызда өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жогорулатуу, мектептердеги зарыл шарттарды жакшыртууга мүмкүн болгон аракеттерди жумшап келе жатабыз. Жыл өткөн сайын билим берүү жаатында ийгиликтер жаралып, алтын сертификатка  ээ болгон окуучуларыбыздын саны көбөйүүдө. Бул албетте биздин шаарга сыймык алып келүүдө. Урматтуу агартуу тармагынын кызматкерлери! Сиздерди ары түйшүктүү жана жооптуу кызматыңыздарда сабырдуулук  каалаймын. Башталып жаткан жаңы окуу жылында сиздерди бекем ден-соолук, жаратмандык жана  албан ийгиликтер коштосун,- деди Р. Алтымышев.

Ага улай алдыңкы педагогдорго калаа мэриясынын жана депутаттардын шаардык кеңешинин атынан Ардак грамота жана алкыш баракчаларын тапшырды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы  жалпы 20 мектепте 1058  мугалим  эмгектенип, 21 миң 521 окуучуга билим берип келет. Бул жылы  мектептерге  2 миңден ашуун окуучу  1-класска катталган. 

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83