www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

Кызгалдак Жакыпова 29-август 2019, 19:32

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Карим Кокрекбаевге бардык жакшылыктарды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Карим Кокрекбаев, жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгиледи.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин бекемдөөгө болгон билимин жана тажрыйбасын колдонгонун баса белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83