www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум Уландын жубайы: "Улан жасалмалуулукту, эл көрсүндүктү тулку боюна жакындатпаган боюнча кетти..."

Кызгалдак Жакыпова 30-август 2019, 11:23

Турмуш


Маркум Уландын жубайы: "Улан жасалмалуулукту, эл көрсүндүктү тулку боюна жакындатпаган боюнча кетти..."

Кыргыздын чыгаан уулу, калеми гана эмес өзү дагы курч Улан Эгизбаевдин жашоо менен кош айтышканына бир жыл толду. Уландын жубайы Сапаргүлдүн эскерүүсүн окурмандарга сунуштайбыз.

"Улан жөнөкөй, карапайым анан кадыресе кыргыз уулуна тиешелүү жупуну жашоодо жашаган адам эле. Жөнөкөйлүк анын жан досундай, тулкусуна сиӊип, орноп, анын ар бир сөзү менен кыймыл аракетинен көрүнө калган чындыгы боло турган. Анын дагы бир кылыгын эстеп турам. Ал ар дайым коомдук транспорттор менен жүрчү. Анын жеке унаа алууга толук шарты бар болгонуна карабай, карапайым элге жакын болгусу келчү:

«Менден эмнеге машина айдабайсын деп көп сурашат. Жообу бироо эле: Мен карапайым эл менен чогуу болгум келет. Өзүм машинада жүрсөм, маршруткадагы элдин көйгөйүн кайдан билем? Такай эле супермаркеттерде жүрсөм базардагы элдин көйгөйүн кантип билем? Шаарда ак кол болуп жашап алсам, айыл турмушун кайдан билейин? Санап кете берсе катары бүтпөйт. Журналист оозунун бурчу менен сүйлөп же жазып койбой, окуяларды ЭЛ менен кошо ЖАШАШЫ керек» ,- дечу ал.

Азыр элден алыстап, элден коркуп, кайтаруучулары менен жүргөн атка минээрлердин абалында карасам, Уландын эл менен болгусу келгени анын чыныгы мекенчил эл уулу болгонунун далили экен. Мейли көчөдө, мейли коомдук жайларда болсун аны таанып калгандар атайын токтотуп өз маселесин айтып даттанып, узай берээрде алкышын айтып узатканын көп көрдүм. Бул бизге чоочун эмес көрүнүш эле. Бир жолу күүгүм кирип калганда үйгө жөнөп калдык.

Биз түшкөн маршрутканын айдоочусу:

-Эгизбаев, сенден жол кире ала албайм, сен өзүбүздүн баласыӊ. Чоңдорду такалаганды уланта бер, биз айдоочулар бош учурда сенин берүүлөрүӊдү талкуулап, азамат деп калабыз. Улам кийинкисин күтөбүз, - деди чын дилден ыраазы болуп.

Бул сөздөр кандай гана дем - күч, кандай гана шык берээри ырас. Бул окуялар ар дайым кайталанганына карабай, Улан үчүн ар бир маектеши, ар бир бет келген адамы маанилүү боло турган. Ал жасалмалуулукту, эл көрсүндүктү тулку боюна жакындатпаган боюнча кетти...", деп эскерген Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83