www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 31-август 2019, 13:18

Расмий кабарлар



АУДИО - Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Мага тажик элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана бүт дос Кыргызстан элине улуттук майрам — Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу биздин куттуктоолорубузду жана жылуу каалоо-тилектерибизди багыштоо канааттануу алып келүүдө.

Республикада бүгүн жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн экономика тармагында жана коомдук-саясий турмушундагы өзгөрүүлөр оң натыйжаларын берүүдө, бул Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы аброюнун өсүшүнө көмөктөшүп жатат.

Биз кылымдардан берки достук жана жакшы коңшулаштык байланыштырып турган Кыргызстан менен ар тараптуу аракеттенишүүнү өнүктүрүүгө жана мындан ары бекемдөөгө чын ниеттен кызыкдарбыз.

Биргелешкен аракеттер менен биздин конструктивдүү мамилелерибиз мындан да бекемделип, өз ара урматтоо, ишеним, жакшы коңшулаштык жана достук принциптеринин негизинде келечектүү мүнөзгө ээ болуп, элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн бардык максаттарга жетебиз деп ишенем», — деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Ал Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын дос элине тынчтык жана бакубаттык каалады.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83