www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластын таанымал таланттары

Кызгалдак Жакыпова 01-сентябрь 2019, 17:41

Маданият


 Таластын таанымал таланттары

Талас го өтө таанымал жер. Бул жактан айкөл Манас чыккан, андан соң залкар жазуучу Чыңгыз чыккан. Кийинкилерин атай берсек абдан көп. Комузда кол ойнотуп Сталинди таң калтырган Атай Огонбаев, ыр саптарын далай саат талбай төккөн Алымкул Үсөнбаев, айтор айта берсек сөз көп. Эмесе, бүгүнкү күндөгү  таластык таластык айрым таланттар тууралуу азын-оолак кеп кылмакчыбыз. 

Кыргызды кыйырга тааныткан Айчүрөк Иманалиева 

Тээ бир учурда бул ырчы: “Кыргыз эстрадасынын примадоннасы” деп жазып эле койгулачы мени”, - деп кайсы бир гезиттин кабарчысына айткан дешет. Кантсе да таластык эмеспи. Эмнеси болсо да ошол учурда бир мактанып алгысы келгендир. Буга чейин чыгармачылыкта элибиздин дагы бир таланттуу ырчы кызы Динара Акулованы өзүнө негизги атаандаш катары эсептегенин көпчүлүк анча биле бербесе керек. Учурунда башка ырчылардан айырмаланып кыргыздын атын чыгарып Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн “Азия даусы”, “Славян базары” сыяктуу бир топ конкурстарга катышып, ийгилик менен кайткандыгы эле анын эмгекчил экендигинен кабар берет. Бүгүнкү күндө да жаш муундардан кем калышпай чыгармачылык менен алектенип жаткандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Жылдыз оорусунан алоыс болуп чыгшармачылыкта өз арабасын тартып келе жатат. 

Күйөрмандарынын черин жазган Алина Жетигенова 

“Кыздын сыры” аттуу ыры менен кыргызга таанылган Алина айым башкалардан бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат. “Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” демекчи, бул ырчыны 53кө чыкты деп эч ким деле ойлобосо керек. Чындыгында ажарлуу жүзү менен оригиналдуу үнү баягы эле жалындаган Алинаны элестетет. Айтылуу апчебиз кайсы ырын аткарса да күйөрмандарынын черин жазган өзгөчө касиетке ээ. Кийинки учурда эмнегедир сахнадан көп көрүнбөй калды. А балким, тойлордон колу бошобой жатса керек. Эмесе, жаңы ырларын жаңыртып күйөрмандары менен сахнадан жолугушчу күндөрү алыс эместир... 

Казактын төкмөлөрүн калчылдаткан Аалы Туткучев 

Эл аралык айтыштарда элибиздин намысын коргоп, баурлардын “өпкөсүн үзүп”, “өтүн алган” бул төкмө акынга “баракелде” дегенден башка эмнени айтмакчыбыз. Айтыш өнөрүндө Аалыкенин жылдызы жанган төкмөлөрдүн эң алдыңкы сабында турарын элдин баары эле билет. А бирок жылдыз оорусу менен сыркоологонгдон тарта башкаларды теңине албай баратканынан да кабарыбыз бар. Эгер бул жаман “дарт” өрчүп кетсе, анда айланып келип эле өзүнүн башына “муш” болот демекчимин. 

Сулууларды суктандырган Султан Садыралиев 

Той өткөргөндөрдүн жакшылыгын бөлүшүп “Кыргыз бийи” менен элди щалкылдата бийлеткен Султандын таланты башкалардан айырмаланып турат. Ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирген сулууларды кулакка жагымдуу коңур үнү менен арбаган бул ырчы учурунда популярдуулуктун доорун сүрсө да көөп кетпей, адамгерчилик сапаттарын жоготпой элге жакын болду. Ошон үчүн элдин батасы тийип чыгармачылыкта көптөгөн ийгиликтерге жетип отурат да. Болбосо көптүн бири катары көмүскөдө эле калмак. Кой, көп мактабай туралычы. Тойдо осурган кыздын кейпин кийип калбасын... 

Нурислам  КАБАКБЕКОВ 

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83