www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди жана өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 01-сентябрь 2019, 17:49

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди жана өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана жалпы өзбек элин Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Өзбекстан Республикасы региондук жана эл аралык маселелерде кылган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасында дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээледи.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге чыкты. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук жана ынак коңшулук мамиле мындан ары да эки элдин жаркын келечеги үчүн бекемделе берет деп терең ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош өзбек элине өнүгүүнү каалады.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83