www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Бабанов учурунда эмне үчүн премьер Жээнбековдон өзүн өйдө туткан?

Кызгалдак Жакыпова 02-сентябрь 2019, 12:24

Эл пикир


Депутат Бабанов учурунда эмне үчүн премьер Жээнбековдон өзүн өйдө туткан?

Депутат Бабанов аферист-казак олигархы Кайсар Абылкасымовдун колундагы куурчагы, клоуну гана болгон. Бабанов өкмөт башчысы болгон учурда Кайсар гана Кыргызстанды билип калган. Ал мезгилде Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. 2017-жылы премьер Жээнбековдун экономикага терең киришкени, эл алдында өсүп бараткан кадыр-баркы Бабановду чоочутат, кыргыз жигиттеринин өсүп баратканын көрө албаган, ичинде ит уулуп жаткан, ичи таар депутат Бабановго президенттик жарышта атаандашы боло турган Жээнбековду тебелеп-тепсеп жок кылыш керек эле. Ошондуктан түбөлүк досу аферист Кайсарга кайрылып, анын финансылык жардамы менен Жээнбековго кара пиарын баштайт:

  1. Маалымат беттеринде Жээнбековго кара пиарын тынымсыз сүйкөй баштайт.
  2. Жасалма рейтинг жүргүзөт, уялбай өзүн 30 пайыз эл колдойт, Жээнбековду 3 пайыз гана эл колдойт деген жалган маалыматтарды таратат. Өкмөт башчысынын кайдагы бир депутаттан 27 пайыз ылдый турганы бул калп, кара пиар. Жок дегенде 2-3 пайыз ылдый кылса эл ишенмек.
  3. Жээнбеков Сооронбайга теңтушундай  “Соке” деген кличка коюп, ал иштебеген атка минерди эшикке чыгарып жиберсе, андан анекдот жасап, бир топко мазактап жүрдү.

Мунун барын ал кездеги өкмөт башчысы билет. Ошондуктан, президентке талапкер болгондо, дебатта: “Эй балапан, эгер президент болуп калсам коррупцияны сенден баштайм” –деп эл алдында убада берген. Коррупция иши башталды, бирок ал кездеги депутат, азыр олигарх Бабанов даң салып, ич күптүусүн ичине катып жүрөт. Балким Кайсар экөө парламенттик шайлоодо көрсөтөр.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Sanjar Chotu uulu, 02-сентябрь 2019, 14:37
NazarNews-силер элди мал ойлоп жатасынарбы? Чындыкты бурмалабай жазгыла
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83