www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көлдө сүзүп бара жатып жоголгон Эркин Асрандиевди «русалка» куткарып калган

Кызгалдак Жакыпова 02-сентябрь 2019, 18:42

Саясат Спорт


Көлдө сүзүп бара жатып жоголгон Эркин Асрандиевди «русалка» куткарып калган

Балык болуп Ысык-Көлдү сүзүп өтмөкчү болуп дайынсыз жоголуп, сегиз сааттан кийин табылган Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев коомчулукта өзүн бир пиар кылып алды.

Ошентип Асрандиевди «русалка» куткарып, 8 саатта «океандан» куткаруучулар таап, өзү коомчулукка тизе бүгүп рахмат айтты. Албетте бул сөз тамаша, бирок айрым жарандар Асрандиевдин бул жоругун «пиар» катары айтып сындап киришти.

Активист Темирлан Ормуков, "табылыш үчүн алгач жоголуш керек, «Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев деген немени көлдө жоголуп, анан табылды дешип чуулдашты. Чынында бул алдын-ала даярдалып мамлекеттин эсебинен өткөрүлгөн чоң пиар компания болуп калды. Эмдиги жылкы шайлоодо Асрандиевдин фамилиясын көрүп калсаңар таң калбагыла. Негизи бул Асрандиев мурда эки ирет көлдү сүзүп өткөн дешет. Ал сүзүп өткөнөнү көп жарыя болбой калып азыр ойлоп тапканы ушул болду.

Өкмөт башчы бул чиновникке чукул чара көрүүү зарыл. Башкаларга да сабак болгудай кылып тиешелүү чара корулушу керек. Болбосо мындай чиновниктердин шоу өткөргөндөрү көбөйүп кетиши ыктымал. Көлдө жоголуп, тоодон адашып, отко-сууга кирип дегендей жоруктар орун ала башташы толук мүмкүн. Кыскасы, Эркин Асрандиев деген чиновник көлдө жоголгон эмес! Атайын уюштурулган пиар компания болду!
Өкмөт башчы Абылгазиев, бул төбөлүңүзгө чара көрүңүз! Издөөгө кеткен бюджеттик каражатты толугу менен төлөп штраф тартсын!,- деп билдирди.

Эске сала кетсек, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта көлдө сүзүп бара жаткан жеринен дайынсыз жоголгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83