www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмышка шектүүлөрдүн качып кетишине милиционер жардам берген

Нурбек Айдар 03-сентябрь 2019, 14:36

Кылмыш жана кырсык


Кылмышка шектүүлөрдүн качып кетишине милиционер жардам берген

Милиция кызматкери Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда жабырлануучуларды катуу сабаганга шектелгендерди качып кетүүсүнө жардам берген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүүлөрдү алып кеткен.

Чүй ОИИББинин кызматкери патрулдук экипаждын кызматкерлери менен сүйлөшүп, алар менен чогуу кылмышка шектүүлөрдү Арча-Бешик конушундагы милиция бөлүмүнө алып барышкан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу катары арыз жазган соң аларды кое беришкен.

Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмышты жашыруу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКга тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Чүй ОИИББинин кызматкери кылмышка шектүүлөргө тууган экендиги аныкталган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83