www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Турапов менен Жунусовду "кара теке" качан сүзгөн?

Кызгалдак Жакыпова 03-сентябрь 2019, 17:38

Маданият Саясат



АУДИО - Турапов менен Жунусовду "кара теке" качан сүзгөн?

Алтын үндүү Керим Турапов менен дагы бир "коңур" үндүү Ибрагим Жунусовду тааныбагандар аз болсо керек. Бул эки таланттуу мырзанын ортосунан кайсыл убакта кара мышык аралаганын ким билсин. Анысын билбедик. Бирок, эски жараны жаңыртып, эски кегиби же башкасыбы, айтор ошол кездеги Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору, азыркы опера жана балет театрынын директору Керим Турапов Жунусовдун башынан ылдый жугунду куюп, жергиликтүү ММКлардын бирине маек бериптир. Ал маегинде ошол кездеги маданият министри Ибрагим Жунусов кол алдындагы филармониянын директору Тураповду кер-мур айтышканы үчүн куугунтуктаганы айтылат. Төмөндө ошол маекти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

"Жумушту     убагында сапаттуу бүтүрөлү деп эки сменде иштегенбиз. Душман алыстан келбейт экен. Жанымда жүргөн достордун ичи тардыгынан эле болду. Убагында Адахан Кимсанбаевич экөөбүз аны депутат кылдык, министрге чейин көтөрдүк. Биздин колдообуз менен чоң-чоң кишилер менен алака түзүп, коюн-колтугуна кирип, дагы көтөрүлдү. Ал жигит - Ибрагим Жунусов болчу. Экөөбүз бир аз айтыша кеттик эле, артымдан текшерүү жөнөттү. Абийирим таза болгондуктан "билгениңди кылып ал" дедим. Эсеп палатасынан текшерүү жөнөтүп, алар кымтык таба алган жок. "Мындай жарабайт, Керимдин кармай турган ишин тапкыла",- дептир. Алар "мыйзам буза албайбыз" деп баш тартышыптыр. Ошондо жеке аудиторлорду жалдап, коллективден айрым адамдарга "наам алып берем" деп кызыктырып, мага каршы тукуруп баштады. Кийин уксам мага мыйзамсыз иш баштаган аудитор да, мага каршы арыз жазган коллективдеги киши да каза болуп калыптыр. Экөөнүн өлүмү Ибрагим Жунусовдун абийиринде" - дейт Турапов.

Ошентип кайран Жунусов эски "досун" куугунтуктап жатып иштен алып тынат. Турапов да жөн жүргөн эмес экен, чоң жерде иштеп, дос күтүп, ошол досторунун арты менен "Бета сторес" соода борборунун президентине кеңешчи болуп орношот. Эски дос эстен кетпейт демекчи, министр Жунусов Тураповдун майлуу сүттүү жерде иштегени ичи таарып, "Бета Сторестин" президенти Юсуф Бейге чалып кызматтан алуусун талап кылат.

"Бета Сторестин" президенти Юсуф Бей досум болгон. Мен жумушу жок калганда өзүнө кеңешчи кылып алган. Кылган деле оор жумушум жок, кычыраган кабинетте отурам, алган айлыгым беш миң доллар. Ошого татыктуу иштеп, кызмат кылайын десем андай деле жумуш табылбады. Маянамды актай албай аткандай жүрөгүм өйүп жаман болуп жүрдүм. Эки жыл иштедим дагы, "досум, сага эки дүйнөдө ыраазымын" деп кете бердим. Себеби даяр оокатка, ашыкча мүлккө алкымымды агытып көнгөн эмесмин. Өмүр бою таман акы, маңдай терим менен акча таап келдим. Дагы бир себеби, ал жакта иштеп жатканымды Ибрагим угуп, Юсуф Бейге чыгып "кызматтан кетир" дептир, Юсуф "ал менин жакын досум" деп көнбөптүр. Мен кызматтан кетсем тынч уктасын, санаасы тынсын деп ал ишти да тапшырып бергем, деп "Факты.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83