www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Садыр Жапаровдун уулун сүзүп кеткен айдоочу элден кечирим сурады

Кызгалдак Жакыпова 03-сентябрь 2019, 18:22

Кылмыш жана кырсык Коом


ВИДЕО - Садыр Жапаровдун уулун сүзүп кеткен айдоочу элден кечирим сурады

Садыр Жапаровдун уулун сүзүп кеткен айдоочу Дастандын өлүмү тууралуу жабырлануучулардан гана эмес, элден да кечирим сурады. Бул тууралуу видеодон толук көрсөк болот.

"Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм, терең-терең кайгыруу менен көңүл айтам...

Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын, келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Өмүрүмдүн аягына чейин карызым бар..." - дейт айдоочу.

Эске салсак, Дастан Садыр уулу 26-август күнү ооруканада көз жумган. Ал 22-август күнү Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ал болгону 27 жашта эле.

ЖАМК Садыр Жапаровго уулуна топурак салууга уруксат берген. Экс-депутат кырсыкка айыптууну кечиргенин, сотко кайрылбай турганын жакындары кабарлаган.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83