www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкарада «Кыргызстан күнү» белгиленет

Алтын Булат 04-сентябрь 2019, 11:33

Маданият Миграция


Анкарада «Кыргызстан күнү» белгиленет

Анкарада бүгүн, 4-сентябрда «Кыргызстан күнү» аталган иш-чара өтөт. Иш-чара Анкарадагы Эл аралык 16-Анадолу күндөрүнүн маданият жана искусство фестивалынын алкагында чоң концерттик программа менен коштолорун trt.net сайты жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, кыргыз жана түрк ырчылары сахнада өнөрлөрүн биргеликте тартуулашат. Кыргызстандан Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов, Тилекгүл Абылова, Канат Мукул жана ошондой эле жаш таланттар Эркинбек уулу Айтмат, Перизат Нурбек кызы сахнага чыгат. Аны менен бирге кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары орун алып Кыргыз маданияты Анкара калкына кеңири таанытылат. Иш-чара кечки саат 19:00дө жумуш убакыттары бүткөн соң болот.

Бул иш-чараны Этимесгут муниципалитети менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги биргеликте уюуштуруп жатканы айтылууда.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83