www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгисиз каарман: “Аялымды жек көрөм, аны менен ажырашкым келет”

Кызгалдак Жакыпова 04-сентябрь 2019, 15:31

Турмуш Коом


Белгисиз каарман: “Аялымды жек көрөм, аны менен ажырашкым келет”

“Акыркы күндөрү аялыма ишенбеймин. Анткени ага бир нече жигиттер телефон чалып, смс жазып турат. Менин оюмча жубайыма мен жокто кимдир бирөөлөр келип турат”, деген пикирин Нур.кз сайтына арманын айтып кайрылган белгисиз каарман.

“Үй-бүлөө курганыбыз, ортодо балдарыбыз бар. Аялыма ай сайын 2-3 адам кабарлашып, кат жазып турат. “Күйөөң үйдө жок го, мен сага келейин”, “Үйүңө жеткирип таштайын”, “Сенин жумшак экениңди жан дүйнөм менен сеземин”, деген каттар толтура келет. Анын башкалар менен жазышканын өз көзүм менен көрдүм”, - деген каарман.

Ага кошумча аялынын мындай кадамдарын көргөн каарман ажырашкысы келгенин айткан.

“Аялымдан сурасам, кылыктарын жашырганга алек болот. Үйгө келсе телефонун колунан түшүрбөйт. Барган жеринде колуна телефонун кармап жүрөт. Эч ким менен жакын карым-катнашта болбогонун айтып актанат. Бирок мен ишенбейм. Аялымды сүйбөй бара жатам. Абдан сууп кеттим. Жийиркенем. Аны менен ажырашкым келет”, - деген маегинде.

 Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83