www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тогуз-Торо РИИБи 2 жаңы мектептин эмеректерине колдоо көрсөттү

Кызгалдак Жакыпова 04-сентябрь 2019, 15:43

Кылмыш жана кырсык


Тогуз-Торо РИИБи 2 жаңы мектептин эмеректерине колдоо көрсөттү

2-сентябрда өлкөбүздүн бардык аймактарында билим уялары өз эшиктерин ачты. Бул күнү Тогуз-Торо районунда 2 кабаттан турган 2 заманбап мектептердин ачылыш аземдери болуп өттү.

Мектептин бири Атай айылында жайгашып 125 орундуу болсо, экинчиси Сары-Булуң айылына курулуп 245 окуучуга ылайыкташтырылган.

Келечек муундун шарты бар билим уясында сапаттуу билим алуусун максат кылган ачылыш аземге район акими А.Кожошев, Тогуз-Торо РИИБнин начальниги милициянын майору Т.Сабырканов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Салтанаттуу майрамдык иш-чарада Тогуз-Торо РИИБи тарабынан жаңы пайдаланууга берилген мектептерге атайын белектер тапшырылып, 80 окуучуга ылайыкташкан окуу куралдары берилди, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83