www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир шаарындагы рейд учурунда 80 тажик мигранты кармалды

Алтын Булат 04-сентябрь 2019, 16:53

Борбордук Азия жаңылыктары Миграция


Владимир шаарындагы рейд учурунда 80 тажик мигранты кармалды

Орусиянын Владимир шаар бийлиги кармалгандар миграциялык мыйзамдын талаптарын бузгандыгын айтып, алар депортация кылынарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн currenttime.tv жазып чыкты.

Маалыматта, кармалгандар курулуш жана кампаларда жүк ташыгыч болуп иштегендер экендиктери айтылат. Мигранттардын кармалгандыгы тууралуу Тажикстандын эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө маалымдалган. Өз кезегинде өкүлчүлүк мыйзам баарына бирдей экенин карманып, тажик жарандары мыйзам бузса эч нерсе кыла алышпасын билдиришкен.

Эскерте кетсек, патент системасы киргизилгенден кийинки төрт жыл аралыгында миңдеген тажик эле эмес, кыргыз жарандарына да Орусиянын аймагына кирүүгө чектөө коюлган. Көпчүлүгү жумушсуздуктун жана айлык-акынын аздыгынан улам жакшы жашоо издегендер.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83