www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууга киришти

Кызгалдак Жакыпова 04-сентябрь 2019, 17:56

Расмий кабарлар


Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууга киришти

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды  региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелчиликтерди изилдөөгө киришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жүргүзүлгөн мониторингдердин жана кырдаалды талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык облустары жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууну пландалууда.

Учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттери Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал- Абад областарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин талдашууда.

Ошону менен бирге 2019-жылдын 23-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Каракол, Нарын жана Талас шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн семинарлар өткөрүлөт.

Ал семинарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери корупциялык тобокелчиликтерди табуу жана мамлекеттик органдардын ишинин схемасы боюнча, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинде коррупцияны максималдуу жоюуга багытталган антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу, мониторингдөө жана ишке ашыруу методикасы боюнча окуулардан өтүшөт.

Мурдараак мындай семинарлар Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн.

2019-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай семинарларды өлкөнүн бардык региондорунда өткөрүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83