www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Cоциалдык медиа

Айдар Нуралиев 05-сентябрь 2019, 08:53

Коом


Cоциалдык медиа

Биз жашаган заманабызда социалдык медиа түшүнүгүнө тыгыз туш болгон абалдабыз. Адамдардын күнүгө сааттап убакыт кечирген социалдык медианын жыйынтыктары көптөгөн талкуу жаратууда. Социалдык медиа, кээ бирлери үчүн адамды карышкырча аңдыган Hobsyen чөйрө, мындайча айтканда анархиялык абал. Кээ бирлери үчүн болсо Lockeyen табигый абал. Бардыгы эркин жана жакшы, бирок тартипке салынышы керек болгон чөйрө...

 Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн бул тема тууралуу талдоосу.

Cоциалдык медианы кандай пайадалынышыбыз керек? Эң оболу айта кетчү нерсе биз пайдалансак дагы, пайадаланбасак дагы социалдык медианын өз нугу менен агып баратканы...Бирок бул абал биздин пайдалануубузга тоскоол эмес.

Ар түрдүү пикирге эркин жана акысыз мүмкүнчүлүк сунуштаган чөйрө...

Биринчи кезекте пайдаларынан сөз кылсак, социалдык медиа; «пикирим бар» дегендерге, пикирлерин угузгусу келгендерге, ар башка пикирлерди көрүүнү каалагандарга, ар башка коомдук катмарлардын эмнени ойлогонуна кызыккандарга тоодой мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоодо. Чыныгы турмушта жете албай турганыбыз улуттук жана глобалдык көп сандаган адамга пикириңизди жеткире алышыңыз мүмкүн. Тескерисинче караганыбызда чыныгы турмушта сизден абдан алыста турган адамдардын эмне ойлогонун биле алуубуз дагы мүмкүн. Анын үстүнө ой-пикирлерди бөлүшүү үчүн абдан көп капитал дагы жумшоонун кереги жок. Мурда жергиликтүү деңгээлдеги бир гезитти чыгаруу, радио/телеканал куруу үчүн үчүн аз деп айта албай турганчалык материалдык мүмкүнчүлүк керектелчү.

Социалдык медиа аркылуу абдан аз чыгым менен ар кимдин эң кеңири түрдө ой-пикирлерин бөлүшө алуусу, өзүн түшүндүрө алуусу мүмкүн. Бир тараптан бул пикирлер текшерүүсүз түрдө, эч кандай тоскоолдукка кабылбастан бөлүшүлө алат. Пикирлердин эркин айлануусу эң көп жабык болгон коомдорду, режимдерди коркутат. Ондогон жылдар бою дүйнөдө жабык түрдө жашоосун уланткан Араб режимдеринин, Араб жазы менен алмаша баштоолорунун эң маанилүү себептеринен бири дагы социалдык медиа катары көрүнүүдө. Анткени көзөмөлгө алынбаган социалдык медиа инструменттери менен эл массалары дагы оңой уюмдаша алат, каршылык көрсөтө алат.

Ар түрдүү жалган жайыла алган, эл массалары манипуляция кылынган чөйрө...

Социалдык медиа, берки тараптан ар түрдүү жалгандар оңой жайылган, жалаалар жабыла алган чөйрө. Социалдык медиада эмненин туура, эмненин жаңылыш экенин түшүнө алуу кээде мүмкүн эместей абалга келет.

Социалдык медиада бир гана пикирлер эмес, ар түрдүү ахлаксыздыктар, эрежесиздиктер, кылмыш элементтери да текшерүүсүз түрдө жайыла алат. Ар түрдүү кол салууга ачык Фейсбуктун куруучусу Цукербергдин хакерлерден коргонуш үчүн ноутбугунун камерасына жана микрофонунун киришине тасма чаптап коюшу көңүлдү бурбай койбойт.

Социалдык медиа аркылуу өздөрүнө түздөн-түз жете алганы үчүн эл массалары түздөн-түз манипуляцияларга ачык абалга келишет. Бул ачыктык, эл массаларын өз максаттары багытында колдонууну каалаган чалгындоо уюмдары жана мекемелер тарабынан абдан мыкты пайдаланыла алат. Стамбулдун Таксим районундагы Гези паркында кыйылган бир канча теректин себебинен Түркияда эл массаларынын кандай манипуляция кылынганына бардыгыбыз күбө болдук.

Айрым өлкөлөрдөгү сары, кызгылт-сары төңөрүшү, баркыт төңкөрүшү сыяктуу кыймылдардын, ачык коомдук институт сыяктуу эл аралык коомчулуктар менен жакын байланыштырылганын билебиз. Социалдык медианын терс жактарынан кеп кылып жатканда сөзсүз троллдорду унутпашыбыз керек. Белгилүү бир күн тартипти түзүү же болбосо каршы болуп көрүнгөн ысымдарды, мекемелердин аброюн түшүрүш үчүн түзүлгөн жасалма (фейк) эсептер менен тыгыз пропаганда жүргүзө алууда.

Троллдордун дагы таасири менен социалдык медиада, кээде чындык түшүнүгүн жоготкону, жаратылган имидж чындыктын ордуна жайгашкан post-truth абалдарга көп кездешүүдөбүз. Троллдор үчүн социалдык медиа социалдык дагы эмес, медиа дагы эмес жөн гана кол салуу үчүн инструмент болуп саналат.

Канча чалгындоо уюму социалдык медиа фирмаларынын маалыматын билет?

Социалдык медиа боюнча баа берип жатканда көз жаздымда калтырылган бир абал, социалдык медиа фирмаларынын биз аркылуу ээ болушкан гигант маалымат чогултканы болуп саналат. Бул тармактарда бөлүшүлгөн жеке маалыматтардан айтпай эле коеюн. Ортого салган жорум, жактыруу, бөлүшүү инструменттери аркылуу, жеке кишилердин, коомчулуктардын, динчил, секулярист, этникалык ж.б.у.с. ар түрдүү катмарлардын кишилиги, кимлик, баалуулук, саясий жактоо анализдерин социалдык медиа фирмалары колго алып коюуда. Социалдык медиа фирмаларынын белгилүү сандагы жактыруусу менен адамдардын кишилик анализдерин эң жакын жолдошторунан дагы мыкты чыгарып кое алгандары айтылууда. Ушул жагынан алганда бул фирмалар колдорундагы гигант маалыматтар менен бүткүл дүйнөгө байкоо салып анализдеген, Жорж Оруэллдин 1984-жылдагы романындагы теле-экран сыяктуу турушат. Бул абал фирмаларга, бул фирмалар менен жакын кызматташкан чалгындоо уюмдарына, мамлекеттерге ишенилгис күч кубат берүүдө. Ушунча тейлөөнү бекер бербестир.

Ойлоп көрсөңүздөр, ар бир окуяда мажбур сыяктуу каршылык көрсөткөнүбүздө, жасаган жорумдарыбыз менен кайсы өлкөдө, кандай окуяларга каршы, кандай катмарлардын кандай карышлык көрсөтө ала турганынын маалыматы биз тараптан бул фирмаларга сунулат. Социалдык медиадагы жорум, жактыруу жана бөлүшүүлөрүбүз, күнүгө ар башка темаларда миллиондогон адамды сыноо менен жасалган коомдук пикирди изилдөөлөргө окшойт. Бул маалыматтар/даталар тууралуу фирмалар тарабынан көпкө созулган анализдер жүргүзүлөт. Өздөрү туурасындагы ушунча көп узун мезгилге созулган жана терең анализдерге кишилер, мекемелер, коомчулуктар өздөрү дагы ээ эмес. Бул анализдер бир жактуу да эмес. Адамдардын кишилик анализдеринен, маданий, социалдык, саясий тандоолоруна чейин, каржылоо өнөкөттөрүнөн тышкы дүйнөдөгү өнүгүүлөргө чейин, кемчиликтерден тартып алдастоолоруна чейин көп сандаган жакты камтыйт. Бул абал бардык өлкөлөрдүн өз келечектери жагынан алганда эске алуулары керек болгон жагдай.

Мен өзүм дагы ичинде орун алган муун, белгилүү жаштын үстүндөгүлөр, социалдык медианы белгилүү катышта пайдаланышат же эч пайдаланышпайт. Бирок белгилүү жаштын астындагылар социалдык медианын ичинде төрөлүп, өсүшөт. Барган сайын таасири азайган үй-бүлө карым-катнаштарынын себебинен балдардын дагы эркин чоңойгону, билим берүү жана чыныгы социалдык чөйрөлөрдүн түшүнүгүн барган сайын жоготкон чөйрөдө, социалдык медиа барган сайын балдарыбыздын жалгыз социалдашкан жерине айланууда. Колдонуучулардын маанилүү бир катмары үчүн эреже, принцип, умтулуу болбогон, бирок троллдор, бурмалоолор, жалгандар абдан толгон чөйрө балдарыбызды кайда алып барат? Бул чөйрө кандай дүйнөнү жаратат?...

Мен толугу менен үмүтсүз эмесмин. Айтканым сыяктуу бардык кулатуучу элементтерге карабастан социалдык медиа жакшы мүмкүнчүлүктөрдү да тартуулайт. Кандай чөйрө экенинин билиниши шарты менен оң пайдаланылышы да дээрлик мүмкүн. Балдарыбыз үчүн жасалышы керек болгон алардын социалдашуусун социалдык медиага калтыруу эмес, милдетибизди аткарып белгилүү катнашта социалдашкандан кийин бул тармактарга кирүүсүн камсыздоо болуп саналат. Азирети Мевлананын циркулдук салыштыруусу сыяктуу, бир аяктары бекем баскандан кийин, канчалык ача алса ошончолук ача алууларына уруксат берүү. Бирок бир аяк бекем баспаса, кирген жаңылыш маалымат каражаттарынан чыгуу мүмкүн болбой калат.

Жыйынтыктасак глобалдашуу процесстери сыяктуу социалдык медиа дагы биздин пайдалануубуздан тышкары өз нугунда агып баратат. Биздин жасашыбыз керек болгон, каршы же жактоочу болуу эмес, бул агымдын өзүбүз, үй-бүлөбүз, өлкөбүз жана адамзаттык үчүн пайдаларын арттыруу, зыяндарын азайтуу болуп саналат.

Булак: "trt.net.tr"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83