www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Алтынбек Жунус уулу Кеңештеги мектептин мурдагы абалы тууралуу айтты

Кызгалдак Жакыпова 05-сентябрь 2019, 10:02

Турмуш Саясат


Депутат Алтынбек Жунус уулу Кеңештеги мектептин мурдагы абалы тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу журналисттерге кайрылуу жасады. Төмөндө сөзү толугу менен:

Урматтуу айрым журналисттер! Сиздер бизден интервью алгандан кийин, айтайын деген негизги ойду түшүнүп туура жеткирсеңиздер максатка да, этикага да ылайык болмок!  Кечээ, Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган убактылуу мектеп тууралуу сураган "Govori.tv" сайтына берген маегим эфирге үзүлүп чыгып, мааниси башка жакка бурулуп отурат.

Мен ал айылда болгом, ӨКМ колдонууга кооптуу деп жабуу сунушун берген мектепте болгом. Эми ошол күтпөгөн маалда кулап, окуучуларды басып кала турган мектепке караганда контейнерден жасалган мобилдүү мектепте окуу алда канча коопсуз болгон. Мында уяла турган нерсе жок! 

Адатта эски мектептер кулап же курулуш бүтпөй, окуучулар чатырда, бозүйдө окуп калган учурлар көп кездешет бизде. Андыктан, ошол контейнерлерди коюп, окуу программасын үзгүлтүккө учуратпай, билим берүүнү камсыздагандарга мен ырахмат айтам. Уяла турган нерсе-АЛ жерге чиновниктердин барып алганы, шаан шөкөт кылганы.

Ушул оюм ортодон кыскартылып берилип, соцтармактар дуу түшүп турат.  Кантсе да мен коомдогу кайсыл гана көйгөй болбосун оюмду ачык айткан, прессага ачык эл өкүлү бойдон ишимди уланта берем. Тек, жоопкерчилик менен тактык баарыбызда болууга тийиш...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83