www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү министрлигине Тазабек Икрамовду сунуштады

Кызгалдак Жакыпова 05-сентябрь 2019, 10:42

Илим Саясат


Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү министрлигине Тазабек Икрамовду сунуштады

Мурдагы Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ЖК депутаты Тазабек Икрамовго телефон чалып:

--Тазабек, мен 2016-жылдан бери КР Билим берүү министрлигинин кызматын аркаладым. Тапталдым, такшалдым, каталарды эсепке албаганда мындай караганда баардык көз караштарым 2х2=4 болду. Мындай сандык көрсөткүчкө башың деле оорубайт, айланып келип ушул сан чыга келет. Ката жазсаң деле унчукпай иштей бер. Мен, сени министрликке сунуштайын, - дейт Гүлмира айым.

Анда шашкалак депутат Тазабек Икрамов,

--Канча тил билишим керек? - дейт Гүлмира айымга,

--Үч тил, кыргыз, орус, англис тили. Англис тили менен сүйлөсөң депутаттар түшүнүп-түшүнбөйт, - десе,

Депутат Тазабек Икрамов сүйүнүп кетип Гүлмира Кудайбердиевага "рахмат", дегенди англисче “ссс-ссексню...сек-секкк”....деп кыйналып айтып атса Гүлмира айым,

--Токточу ботом, андай айтпай мындай айт, “Тенк ю”, деп кой, бүттү...деп коёт имиш...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (10)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83