www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - “Азаттык”  элге маалымат бербей эле, В. Жуматаева менен Атамбаевдин менчик “кара пиарчысына” айланды

Кызгалдак Жакыпова 05-сентябрь 2019, 14:19

Эл пикир



АУДИО - “Азаттык”  элге маалымат бербей эле, В. Жуматаева менен Атамбаевдин менчик “кара пиарчысына” айланды

“Азаттык” үн алгысын эки жетекчиси бар: Бири эркектин уругун сээп кетсе эле, жыбырап наристелер бажырайып чыга калчу асыл жер Ат-Башынын кулуну, “Азаттыкка” гана эмес, кыргызга Шаа Ата (духовный отец) боло турган руханий жетекчиси Шайлообек Дүйшеев.

Илгери оруста Лев Толстой деген “великий” гений болгон, накта Шаа Ата эле, анын айткандары ак падышадан өйдө турчу. Шакемдин айткандарын “Азаттыктан” эл угат, бирок “Азаттыктын” ички саясаты эмне болуп жатат, мурункудай эле “Азаттык” менен Шакеме ишенген эл, “Азаттык” эмнени айтса ошону туура көрүп турат. Бирок, андай эмес.

“Азаттык” Азамат Алтайдын убагындагы “Азаттык” эмес, жок дегенде Салижан Жигитовдун убагындагы “Азаттык” жок. Андан кийинкилер да калыстыкты айтчу. Азыркы “Азаттык” анын “серый кардиналы” Венера Жуматаеванын “кол баласына” айланган. Венера айым “өл” десе “Азаттыктагылардын” бары тыртайып өлүп калышат, кимге асылып үр десе, ошону карап үрүп калышат.

Венера Жуматаева абдан таланттуу кызыбыз, айрыкча коммерциялык жаатында ал алдына эч кимди салбайт. Калем сабы да ойкуштап-кайкып тим эле элдин ичеги-карынын чубап жазат. Анткени анын таланты бир тууган таякеси, ким бийликке келсе жантыгынан жата калып, “хамалеончо” жүзүн өзгөртүп турчу Жыпар Жекшеевден жуккан.

Ал Атамбаевге бөйпөңдөп жүрүп КТРКнын Байкоочу Кеңешинин жетекчилигине келген, ошол бойдон эстеликтей катып калды. Жыпар Жекшеевдин көрсөтмөсү менен Бабанов чынжырлап жетелеп жүрчү НТСтин жетекчиси Жайнак Үсөн уулу КТРКнын Башкы директору болгон. Эми күндүз КТРКнын иши менен алек болсо, түнкүсүн Бабановдун иши менен алек.

Атамбаев учурунда КТРК менен “Азаттык” жипсиз бекем байланган. Атамбаевдин маалыматын тейлеген Фарид Ниязовдун күйөө баласы Өмүрбек Сатаев КТРК менен “Азаттыкка” продюссердик кылып, Атамбаевдин бул жерде кулагы эле. Ал эми Прагадан Венера Жуматаева келаткан учурда “Манас” аэропортунан аны чет мамлекеттен мамлекет башчысы келаткандай тосуп алышчу. Атамбаевдин буйругу меннен Фарид Ниязов тоңкочак атып чуркаса, Абдил Сегизбаев болсо Венера Жуматаеванын Бишкекте бирге окуган көздөй адамы. Ошондуктан Венера айым Атамбаевдин заманында кийбегенди кийди, ичпегенди ичти.

Венера Жуматаеванын кеңеши менен “Азаттыктын” мурдагы жетекчиси, азыркы штаттан тышкары кабарчысы, канкудасы Кыяс Молдокасымов Атамбаевдин ата-тегин архивден иликтеп, ата-тегин жок жерден даңазалуу адамдарга жеткирип келген.

Венера Жуматаева трайбалистигин жашырып мен “чистокровная” ысыккөлдүк эмесмин деп сарыбагышка жамынып жатат. Эгер Венеранын сиңдисин келин кылып алган Кыяс Молдокасымов сыяктуу бурмалабай, тарыхты жакшы билсе: Сарыбагыштын эки уулу Дөөлөсбакты менен Орозбакты. Орозбактысы “бугу” атка конуп Ысык-Көлдү ээлеп жатат, сарыбагыштар Ысык-Көлдө чоочун эмес.

Прагада кыргыз редакциясында Венера Жуматаеванын кол алдында төрт киши иштесе, өзүн кошкондо төртөө Венера Жуматаеванын жердеши. Атамбаевдин заманында “Азаттыктын” кыргыз редакциясын Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов, Султан Каназаров, Айзада Касымалиева жетектеди. Ушулардын бары Түндүктүн кулундары?

Эмнеси болсо дагы, "Азатттык" менен Атамбаев, Матраимовдорго каршы чыгабыз деп атып, ойлору ойрон болуп, Атамбаевдин тагдыры түрмөгө барып такалды. Венера Жуматаева Атамбаевдин убагында калайман-калк оокатка жетпей оожалып турганда не деген байлыктарга, жерге, хансарайларга жеткен жок. Бул тууралуу өзүнчө сөз болор.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83