www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - АУДИО : Анжеликанын «мээси» Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн билбейт…УЯТ...

Кызгалдак Жакыпова 06-сентябрь 2019, 17:56

Маданият



ВИДЕО - АУДИО : Анжеликанын «мээси» Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн билбейт…УЯТ...

Кыргызстанда маданият өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кабактан каш, калемден каш коюп, "жылтыр-мултур" кийип, «талтаң-бултаң» этип сахнадан секиргени эле болбосо, айрымдары экиге экини араң кошушат.

Акыркы жылдары маданият тармагында өнүгүү уктап бара жаткандай… Жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылардын ырын уксаң төбө чачың тик турат. Мындай сандырак ырларга маданият министрлиги тарабынан качан жокко чыгарылат, азырынча белгисиз.

А баса, Кыргызстанга белгилүү блогер Азирет Осмонов 31-август күнү айрым ырчылардын бетиндеги «тонна краскасын» жууп, "маскасын" сыйрыды.

Алардын бири «а» дегенде эле актанып кирген, «сотко беремин», деп беттен алган, КТРКда өзүн бактылуу сезген, тилекке каршы 1 жылда 5 продюсер алмаштырган, атагы таш жарган, УРМАТтуу Анжелика Бекболиева менен ары-бери секире берген бар менен жоктун ортосундагы ырчы Малика Дина Азирет Осмоновдун, «Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына канча жыл болду?» деген суроосуно жооп бере албай уят болушту.

Мына кызык, Анжелика айым суроого жооп бергенине таянсак, ага Кыргызстанга караганда микрафон ыйык «имиш». Боёкчу, боёкчу десе айрым ырчылар Кыргызстанды кошо боёп таштагынана таң каласыңда…

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83