www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Мыкаачылык менен сабаганга шектелгендер өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган

Нурбек Айдар 05-сентябрь 2019, 14:34

Кылмыш жана кырсык Коом



АУДИО - Мыкаачылык менен сабаганга шектелгендер өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган

Бишкектин Жал кичирайонунда эркектерди мыкаачылык менен сабагандар өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымына караганда, кылмышка шектүүлөр чек арадан өтүүгө аракет кылышкан, бирок андан ийгилик чыккан эмес. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча кенен маалымат бере алышпайт.  

Кылмышкерлерди кармоо үчүн жети опер топ уюштурулуп, алар Бишкекте жана Кыргызстандын аймактарында иштеп жатышат.

Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүүлөрдү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Чүй ОИИББинин кызматкери патрулдук экипаждын кызматкерлери менен сүйлөшүп, алар менен чогуу кылмышка шектүүлөрдү Арча-Бешик конушундагы милиция бөлүмүнө алып барышкан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу катары арыз жазган соң аларды кое беришкен.

Чүй ОИИББинин кызматкери кылмышка шектүүлөргө тууган экендиги аныкталган.

Бишкек милициясынын билдиришинче, кылмышка шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталган. Алар: 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83