www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Элчиси Комил Рашидовду кабыл алды

Кызгалдак Жакыпова 05-сентябрь 2019, 17:32

Расмий кабарлар



АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Элчиси Комил Рашидовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды. 

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат, стратегиялык өнөктөштүк орнотулду, ынак кошуналык мамилелер бекемделип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүүдө, биргелешкен ишканалар түзүлүп, чекара кызматташтыгы өнүгүп жатат. Ал Комил Рашидовго өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Комил Рашидовду Премьер-министрдин кеңешчиси — чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча Департаменттин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшкөн түзүлгөн жагымдуу шарттар үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83