www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Бир жарым жылдан бери жумушка чыкпаган депутат мандатын тапшырды

Нурбек Айдар 05-сентябрь 2019, 17:17

Саясат



АУДИО - Бир жарым жылдан бери жумушка чыкпаган депутат мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Насыр Мусаев мандатын тапшырды. Маалыматтарга караганда, Мусаев арыз жазып Боршайкомго жөнөткөн. БШКдан анын арызын алганын тастыктап, бирок азырынча карала электигин билдирген.

Эске салсак, Насыр Мусаев былтыр апрелде депутат болгон. Ал ант берүүгө майыптар үчүн коляска менен келип, андан кийин Жогорку Кеңештин отурумдарына таптакыр катышкан эмес. Аталган фракциянын мүчөлөрү көптөн бери Насыр Мусаевди депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу маселе көтөрүп келишкен, бирок чечилбей жаткан болчу.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83