www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки кишини чала жан кылып сабаган зөөкүрлөр кармалды

Нурбек Айдар 06-сентябрь 2019, 09:10

Коом Кылмыш жана кырсык


Эки кишини чала жан кылып сабаган зөөкүрлөр кармалды

Эки кишини чала жан болгуча катуу сабаган зөөкүрлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Алар берген маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү издөө, кармоо иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр Кыргызстандын аймагында колго түшүрүлгөн. Кармалгандар Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүүлөрдү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Чүй ОИИББинин кызматкери патрулдук экипаждын кызматкерлери менен сүйлөшүп, алар менен чогуу кылмышка шектүүлөрдү Арча-Бешик конушундагы милиция бөлүмүнө алып барышкан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу катары арыз жазган соң аларды кое беришкен.

Чүй ОИИББинин кызматкери кылмышка шектүүлөргө тууган экендиги аныкталган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83