www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - АУДИО - Эки кишини чала жан болгуча катуу сабаган зөөкүрлөр милицияга өздөрү келип колго түштүбү?

Нурбек Айдар 06-сентябрь 2019, 11:09

Кылмыш жана кырсык



ВИДЕО - АУДИО  - Эки кишини чала жан болгуча катуу сабаган зөөкүрлөр милицияга өздөрү келип колго түштүбү?

6-сентябрда таңкы 4төр чамасында кылмышка шектүүлөрдүн бири Жаныбек Бапышов  Бишкек ШИИББине өзү келип колго түшүп берген. Бул тууралуу Жалбырак ТВ жазып чыкты. Алардын каналына жүктөгөн видеодо Жаныбек Бапышов жактоочусу менен кошо Бишкек ШИИББинин имаратына келип, милиция кызматкерлерине колго түшүп бергенин көрүүгө болот. Дагы бир сааттан кийин Калысбек Сейитбеков келген.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Бишкек шаардык милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү издөө, кармоо иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр Кыргызстандын аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирген эле.

Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүүлөрдү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Чүй ОИИББинин кызматкери патрулдук экипаждын кызматкерлери менен сүйлөшүп, алар менен чогуу кылмышка шектүүлөрдү Арча-Бешик конушундагы милиция бөлүмүнө алып барышкан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу катары арыз жазган соң аларды кое беришкен.

Чүй ОИИББинин кызматкери кылмышка шектүүлөргө тууган экендиги аныкталган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83