www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабановду Кыргызстанга ким алып келди?

Кызгалдак Жакыпова 06-сентябрь 2019, 10:38

Эл пикир


Бабановду Кыргызстанга ким алып келди?

Мойнуна кылмыш беренелери илинип,  жүрөгүн Рысбекке алдырып ийип, момпосуйдай монтоюп Москвада жүргөн Бабанов “абиси” Атамбаев камалаар менен Кыргызстанда пайда болду. Жүрөгү жок неме бирөөнүн таянычы болбосо батынып Кыргызстанга кире албайт эле, деги ким Бабановду колдоду деген күмөн ой көпчүлүктө пайда болду:

  1. Ак үй. Азыркы бийлик Атамбаевди камап араң кутулду, Текебаев деген тентеги да камактан бошотулду, Бабанов деген “волокитанын” бүгүнкү бийликке кереги бар беле? Божомолдогондо да Бабановдун келишине бийликтин тиешеси жок, ошондуктан, “Баланы жашынан, келинди башынан” –дейт, жүрөгү жок неменин башынан жүрөгүнүн үшүн алып койолу деп, кылмыш иштерин туш-тараптан козгоп жатат. Акыры Бабанов ийилип, Ак үйгө чөгөлөп салам берип калат.
  2. Кремль. Путинге ортого Андрей Бельяниновду салып Атамбаев кызматтан кеткен соң араң кирди. Путин Кыргызстанда стабилдүүлүктү кааларын баса айтты. Демек,Атамбаевдин бийликке каршы чыкканына Путин нааразы. Бул сөздү уккан соң Атамбаев кол тийбестиги алына электей акыркы чарага барды да,адам чыгаша болуп кетти. Адам өлгөн соң кол тийбестикке да каралбайт.Бирок, Кожобек Рысбаев сыяктуу депутаттар кишини тебелеп өлтүрүп деле комитетти башкарып жүрө беришет. Бабановду Путин уруп да ойнобойт, демек Бабановдун келишине Москва кызыкдар эмес.
  3. Ак Ордо. Нур-Султандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев чалдык доорун сүрүп жатат. Ал кызын спикер кылып алганына ыраазы. Бабановго эми кийлигишпей калгандай. Токаев болсо Казакстанда улам-улам митинг чыгып Бабанов эмес,өз мамлекетинин тынчтыгын ойлоп калган.
  4. Александр Машкевич. Болушу мүмкүн. Бул кыргызстандык олигарх-миллиардер дайым Кыргызстандын ишине кийлигишип турат. Илгери ПИРЯЛда окутуучу болгон, анан туалет бизнесин баштап, еврейлигин салып Казакстанда миллиардерге айланган.

Батукаевди чыгаруу үчүн жанталашып Бакиевге ортого түшкөн, бирок алар макул болгон эмес. 2017-жылы шайлоого шыкак болсун деп Орус-Кыргыз өнүктүрүү банкынан Бабановго 4 пайыз үстөк менен 17 миллион доллар насыя алып берүү үчүн анын жетекчиси Кубаныч Кулматовго ортого түшкөн.  Мындагы акчалар өнүгүүгө кетиш керек эле, бирок мыйзамды бузуп Бабанов соодага “Азиямоллго” жумшаган.

2017-жылы президенттик шайлоодо Машкевич Назарбаевге, казак миллиардерлерине ортого түшүп Сооронбай Жээнбековдун президенттикке өтпөй калышы үчүн бардыгына даяр эле.Ал эмес чаң тополоңго да, бирок Бабанову өтпөй калып Москвада жашынып жүргөн, Машкевич “сага эч кимди тийгизбейм” деп ушул моментте алып келиши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83