www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө көр казып жаткан жокпу?

Кызгалдак Жакыпова 06-сентябрь 2019, 12:49

Эл пикир



АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө көр казып жаткан жокпу?

Акыркы мезгилде болуп жаткан саясий окуялар президенттик аппараттын буга чейин болуп жаткан ийгиликтүү иштерине караңгы түшүрүп жаткандай:

1.Германиянын бир убактагы гениалдуу канцлери Отто Бисмарк айткан: “Бийлик келет, кетет, немец эли кала берет”- деп. Бул бизге да тиешелүү. Атамбаевди камоо менен бийликтеги айрым "эки тарапка ойногон саткындар" терең ойлоно баштады. Анткени Атамбаев, бийликте турганда оюна келгенди оттоп, оозуна келгенди майсаңдады. Эки элдин ортосунда ызы-чуу чыгаргысы келди майнап чыккан жок. Учурунда сенсацияга айланган ТЭЦтеги болгон окуяга эми КР Акыйкатчыcы Токон Мамытов тергөөгө чакырылса, ТИМдин мурдагы министри Эрлан Абдылдаев темир торго түшкөнү калды окшойт. Тилекке каршы бийликтин айланасына эртең бийлик алмашса сатып ийе турган адамдар чогула баштады. Андыктан Сооронбай Жээнбеков кадр маселесине тыкыр көзөмөл кылып, жылаандан сак болушу керек. Антпесе 7-августта Кой-Ташта болгон окуяда бир "сыр" бардай. Эмне үчүн 7-апрель, 7-август болуп калып, сандык көрсөткүч окшош болуп турат, деген ой жаралат. 

2.Бабановдун фигурасынын саясий айдыңда пайда болушу бул бийликке жакшылык алып келбейт. Анткени, ким бийликке келсе “хамалеондой” түсүн өзгөртүп, Ак үйгө бүк түшүп жатып калчу Бабанов ким экенин калктын көбү билет. Акаевдин учурунда Айдар Акаев менен дос болуп кыргыз бизнесмендерине “рэкеттик” кылып миллиондорду колуна ойноткон ким эле? Максим Бакиевдин алдына чөгөлөп барып, оппозицияны бүт сатып, өкмөттүн биринчи вице-премьери катары мүшөктөп акча алып, “Кыргызстан” сыяктуу олбурлуу банктарды рейдерлик жол менен тартып алган ким эле? Отунбаеванын убагында бийликти өзү алмаштыргансып “апчелеп” жүрүп Максим Бакиевден калган мүлктөргө ээ болгон ким эле? Абиси Атамбаевдин убагында Бабанов миллиардерге айланган. Дебатта Сооронбай Жээнбеков туура айткан, коррупцияны Бабановдон баштайм деп.

3.Иса Өмүркулов мас болуп алып Ысык-Ата районунун акимин кайнисине туулган күнүнө "подарить" этиптир. Эмне Кыргызстанда акимдик кызмат торт менен шампандын деңгээлине жеттиби? Айта берсе арман көп, арийне ушундай жашоо улана берсе дагы айтылат... 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83