www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - АУДИО - Анжелика өзү уят болгону аз келгенсип досторун дагы “шылдың” кылды

Кызгалдак Жакыпова 06-сентябрь 2019, 12:39

Маданият



ВИДЕО - АУДИО -  Анжелика өзү уят болгону аз келгенсип досторун дагы “шылдың” кылды

Ырчы Анжелика Бекболиева актанганды жакшы көрөт. Баардык жерден кургак чыккысы келет. Сыртынан өтө адептүү көрүнгүсү келгени менен жакын санаалаштары ал тууралуу бири дагы жакшы пикир айтыша элек.   

31-августта Анжелика белгилүү блогер Азирет Осмоновдун “Эгемендүүлүккө канча жыл болду?” деген суроосуна жооп бере албай ызаланып, журналистке тышын кычыратып, көзүнөн чаарын чыгарганы эсибизде. Эң кызыгы Анжелика өзү коомчулукта талкуу болгону аз келгенсип, жакын досторун дагы өзүнө теңеп шылдың кылып койду. Ал “Кыргызстандын эгемендүүлүгүн мен эмес, досторум деле билбейт!” дегендей видеотасмасын жүктөп, “адатына” салып өзүнүн жеке баракчасына:

«Чырагына май тамып, комментарий жазып жаткандар деле дароо жооп бере албайт», — деп жазган.

Эске сала кетсек, 31-август күнү Азирет Осмоновдун «Эгемендүүлүккө канча жыл болду?» деген суроосуна ырчылар, Анжелика, Малика Дина жооп бере албай коюшкан. Асел Кадырбекова Кыргызстандын көз-карандысыздыгына 28 жыл толгонун айтканы менен гербди көйнөгүнө салыштырган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83