www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Кимдерге айып коюлду? Бир ууру канча кызматкерди отургузуп кеткенин тизмеден караңыз

Нурбек Айдар 06-сентябрь 2019, 14:12

Кылмыш жана кырсык Коом Саясат


Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Кимдерге айып коюлду? Бир ууру канча кызматкерди отургузуп кеткенин тизмеден караңыз

Ички иштер министрлиги мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганын жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда, учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.

Айып коюлгандардын тизмеси:

  • Гематология борборунун кызматкерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага;
  • Гематология борборунун жетекчиси Абдухалим Раимжановго;
  • Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага;
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Канатбек Бектемировго;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Зарылбек Рысалиевге;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Акыл Асановго;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгери Фархад Атаходжаевге;
  • Нарын облусунун прокурорунун мурунку орун басары Майрамбек Акматалиевге;
  • Прокурордун мурунку жардамчысы Кубат Жуматаевге;
  • Мурунку Баш прокурор Аида Саляновага;
  • УКМКнын жетекчисинин кеңешчиси Марат Бекеновго;
  • Мурунку вице-премьер-министр Шамиль Атахановго;
  • Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго;
  • жактоочу Али Касымовго;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевге, ага издөө жарыяланган;
  • Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83